14:00
USD 87.45
EUR 102.15
RUB 1.04

Шайлоо −2025: БШК добуш берүүгө укуктуу жарандардын санын жарыялады

Учурда Кыргызстанда 4 миллион 237 миң шайлоочу бар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Айдана Жупуева Биринчи радиого билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулардын саны такталгандан кийин 30 шайлоо округу аныкталат.

Добуш берүүчүлөрдүн санына жараша округдар бөлүнөт. Бир шайлоо округунда 140-142 миң адам болушу мүмкүн.

Ал эми шайлоочулар алдыдагы парламенттик шайлоодо катталган дареги боюнча гана эмес, каалаган шайлоо участогунан да добуш бере алышат.

Эске салсак, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттары өздөрүн таркатууга добуш беришти. Учурдагы мыйзамдарга ылайык, президент парламенттик шайлоонун датасын 30-сентябрга чейин белгилеши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар