20:15
USD 87.40
EUR 102.47
RUB 1.05

Ысык-Көлдөгү «Барскоон-Бедел» унаа жолунда эң ири туннелдердин курулушу башталды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусунда Барскоон — Бедел эл аралык унаа жолунда өлкөдөгү эң ири эки туннелдердин курулушунун башталышына расмий түрдө старт берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорго ылайык, Барскоон — Бедел автожолун куруудагы негизги объекттерге кирген Сөөк жана Ашуу-Суу ашууларында эки тоннелди куруу иштери башталды. Сөөк ашуусунда курула турган туннелдин узундугу 5 340 метрди, ал эми Ашуу-Суу ашуусундагы туннелдин узундугу 3 840 метрди түзөт. Бул өлкө тарыхындагы эң узун жана техникалык жактан татаал туннелдерден болуп калат.

«Президентибиз Садыр Жапаров так жана ачык талап койду. Ошол себептүү, курулуш иштери кечиктирилбей, белгиленген мөөнөттө жана сапаттын эң жогорку стандарттарына жооп берген шартта жүргүзүлүшү керек», — деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары, Барскоон — Бедел автожолунда көпүрөлөрдү, кар көчкүдөн сактоочу галереяларды, таш кулоо жана сел жүрүүдөн коргоочу тосмолорду куруу каралган. Ошондой эле, жол жүрүүчүлөргө керектүү объекттер да курулат. Жолдун жалпы узундугу болжол менен 150 чакырымды түзөт.

Бүгүнкү күнү курулуш иштерине 287 адис жана жол курууга багытталган 162 атайын техника жана жабдуулар тартылган. Ошондой эле куруучулар үчүн бардык шарттары каралган 4 лагерь курулган.

Барскоон — Бедел эл аралык автожолу өлкөнүн транспорттук байланышын өнүктүрүүдөгү негизги элементтердин бири. Туннелдердин курулушу убакытты үнөмдөөгө, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана Кыргызстанды аймактык транспорттук-логистикалык түйүн катары чыңдоого өбөлгө түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
29-сентябрь, дүйшөмбү