12:49
USD 87.45
EUR 102.15
RUB 1.04

УКМК Ак-Талаа районундагы дээрлик 2 гектар жер тилкесин мамлекетке кайтарды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылындагы 1,98 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жер тилкеси 1964-жылы облуста өнөр жай объектилерин өнүктүрүү максатында түзүлгөн мурдагы колхоздор аралык курулуш уюмуна (ККУ) тиешелүү болгон. Ошол кезде аймакта өндүрүш объекттерин өнүктүрүү үчүн райондук аткаруу комитети 4 гектар жер бөлүп берген.

Ошол эле жылы Ак-Талаа районунун эл депутаттар Кеңешинин аткаруу комитетинин чечими менен Ак-Талаа районунун Баетов айылында өндүрүш объекттерин куруу үчүн 4,0 гектар жер тилкеси Колхоздор аралык курулуш уюмуна бөлүнүп берилген. 1993-жылы Колхоздор аралык курулуш уюму «Демилге» акционердик коому болуп кайра түзүлүп, анын жетекчиси катары Ч.К. шайланган.

2004-жылы Ч.К. акционердик коомду жоюу жолу менен бул ишкананы жеке менчикке өткөрүп бергени аныкталган. Бул мүлк Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн балансына тиешелүү кабыл алуу актысына ылайык өткөрүлүп берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар