Кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) уюмунун кезектеги беттешин Жек Херманссон менен өткөрөт. Бул тууралуу UFC сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, беттеш 22-ноябрда Катардын Доха шаарында UFC Fight Night турниринде өтөт.
Бул кыргызстандык менен норвегиялык-швециялык мушкердин алгачкы жолугушуусу болмокчу.
Мыктыбек Оролбай уулу буга чейин Азербайжанда өткөн UFC турниринде кыргызстандык Тофик Мусаев менен беттешип, аны биринчи раундда жеңген.
Кыргызстандык мушкердин Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) уюмунда эки жеңиши жана бир жеңилүүсү бар.
Эске салсак, Мыктыбек Оролбай уулу 2018-жылдын август айында профессионалдык аралаш мушташ боюнча дебют жасаган.