17:02
USD 87.45
EUR 102.15
RUB 1.04

Жалал-Абадда өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырган алдамчы кармалды

Сузак районунун Бек-Абад айылында жаран А.А. аттуу жаранды УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, жергиликтүү тургундардын акчасын алдоо жолу менен уурдап жүргөн жеринен кармалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, А.А. өз аракеттерин УКМК органдарына финансылык жардам көрсөтүү зарылчылыгына негиздеген жана өлкөнүн жогорку кызмат адамдары менен болгон байланышка жамынган. Андан соң кылмышка шектүү жаран карызын төлөөнүн ордуна кылмыш ишин ынанымдуу кылуу үчүн жасалма укук коргоо органынын күбөлүгүн көрсөтүп, жабырлануучуларга кысым көрсөткөн.

Аталган жаран кармалган учурда автоунаадан РФ ИИМинин кызматкеринин күбөлүгү жана укук коргоо органдарына тиешелүүлүгүн окшоштурган башка буюмдар табылган.

УКМК А.А.нын алдамчылык аракеттеринен жапа чегиши мүмкүн болгон жарандарды КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын: 0995 01 22 10 (WhatsApp) ишеним телефонуна кайрылууну суранат

Ошондой эле УКМК органдарына финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүү максатында жарандардын акча каражаттарын алдап жүргөн мындай шылуундарга жана кылмыштуу аракеттерге УКМК коомчулукту ишенбөөгө чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар
29-сентябрь, дүйшөмбү