Президент Садыр Жапаров «КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 84-беренесинин 2-бөлүгүнө, «КР президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 59-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык токтом кылынды:
КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо (мындан ары — шайлоо) 2025-жылдын
30-ноябрына, жекшембиге дайындалсын.
2. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
1) шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун;
2) шайлоодо аралыктан добуш берүүнү колдонсун.
3. КР Министрлер кабинети:
1) шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлсүн;
2) шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту,
жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн;
3) Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн
анын маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрсүн;
4) шайлоочуларды реалдуу убакыт режиминде (онлайн) идентификациялоо системасын өркүндөтүүнү, ошондой эле байланыш каналдарын уюштурууну жана иштешин камсыз кылсын;
5) КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун камсыз
кылууда, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууда, ошондой эле мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн
үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдары менен камсыз кылууда
көмөк көрсөтсүн;