Бишкектин экинчи төрөт үйүндө сейрек учураган окуя болду. Андагы кош бойлуу аял 5,425 килограмм салмакта, 56 сантиметрлик уул төрөдү. Бул тууралуу үй-бүлөнүн тууганы кабарлады.
Бул салмак жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн адаттан тыш болуп саналат, анткени орточо ымыркай 3-3,5 килограмм салмакта төрөлөт.
Үй-бүлөнүн айтымында, эне менен баланын абалы жакшы.