Каныбек Туманбаев ШКУнун саммитине жана 2026-жылы Бишкекте өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктарды көзөмөлдөйт.Тийиштүү жарлыкка президент кол койду.
Документте 2026-жылы өтө турган эки ири эл аралык иш-чарага даярдык көрүү үчүн уюштуруу комитетин түзүү каралган.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жалпы жетекчилик жана даярдыктарды координациялоо Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевге тапшырылды.
Ошондой эле Садыр Жапаров уюштуруу комитетинин курамын бекитип, мамлекеттик органдардын, мекеме-уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө милдеттендирилди.