23:23
USD 87.45
EUR 102.76
RUB 1.07

Кыргызстандын муфтийи: «Аялга кол салуу Аллахка каршы чыкканга барабар»

Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз кары Закиров жарандарга кайрылуу жасап, аялдарга кол салуу, зордук-зомбулук көрсөтүү Алла Тааланын эркине каршы чыгууга барабар экенин баса белгиледи.

«Урматтуу мекендештерим, өзгөчө мырзалар! Аялзаты — бул коомдун жүрөгү, үй-бүлөнүн куту, жашоонун энеси, өмүрдүн тиреги. Бүгүнкү кыздарыбыз — эртеңки энелер. Алар тукум улай турган асылзаттар, балдардын сүйүктүү энеси, бирөөнүн өмүрлүк жары. Пайгамбарыбыз Мухаммад САВ мындай деп айткан:

«Кимде-ким кыздарды тарбиялап, аларды жакшы карап, мээрим төгүп чоңойтсо, ал бейишке кирет» (Ибн Мажа).

Дагы бир хадисте: «Эненин таманынын астында бейиш бар» (Насаий).

Демек, аялзатын урматтоо — бул жөн гана адеп эмес, бул ыймандуулук, бейишке алып баруучу жол.

Ал эми аялзатына кол салып, зулумдук кылган адам — Аллахка каршы чыккандардын катарына кирет. Эсиңерде болсун: аялзатына кол көтөргөн — өз энесине кол көтөргөн менен барабар, кыздын абийрин тепсеген — өз кызынын абийирин тебелеген менен барабар!

Аллах Таала Куранда:

«Зынаага жакындабагыла! Ал — жийиркеничтүү иш жана жаман жол» (Исра сүрөсү, 32-аят) — деп эскерткен.

Ошондой эле:

«Ким бир бейкүнөө адамды өлтүрсө, ал бүтүндөй адамзатты өлтүргөн менен барабар» (Маида сүрөсү, 32-аят).

Урматтуу эр-азаматтар!

Биздин ата-бабаларыбыз аялзатын ар дайым бийик туткан. Аялзатын намысы жана аны коргоо үчүн бүтүндөй азаматтар аттанган. Кыргызда кызды төргө чыгарган, энени таажыдай башына көтөрүп, абдан катуу сыйлаган. Бул — биздин шариятыбыз, наркыбыз, кан-жаныбызга сиңген асыл салт. Аялзатын урматтоо — бул кыргыздын намысы!

Бирок бүгүн айрым адамдар напсинин кулу болуп, аялзатына кордук көрсөтүп, коомдо үрөй учурган окуялар жаралып жатат. Бул — чоң трагедия, бул — намысты тебелөө, бул — коомду кыйратуу!

Ата катары — биз кыздарыбызды аруу сактап, уулдарыбызды адеп-ахлакка, ыйманга тарбиялап, үй-бүлөнү коргоп, балдарыбызга мээрим жана камкордук менен үлгү болууга милдеттүүбүз. Ата — үйдүн тиреги. Тирек бекем болсо, үй бекем болот.

Ага катары — ар бир эр-азамат коомдогу кыз-келиндерге өз карындашындай аяр мамиле кылышы зарыл. Алардын абийирин, кадыр-баркын жана коопсуздугун коргоо — биздин мусулмандык жана инсандык парзыбыз. Ал эми ини катары — эже-карындаштарыбызга, апаларыбызга ар дайым жардамчы болуу, оорун колдон, жеңилин жерден алуу — бул биздин милдетибиз. Алла Таала эр-азаматтарды күч, акыл, жоопкерчилик менен сынап койгон. Бул күчтү зулумдукка эмес, боорукерликке жана коргоого жумшоо — чыныгы эрдик.

Урматтуу мекендештерим! Эр-азамат болуу — бул күч менен мактануу эмес. Эркектин чыныгы күчү — өзүн тыя билүүдө, аялзатына аяр мамиле кылууда. Боорукер болуу — эрдик, мээримдүү болуу — бийиктик, аялзатын коргоо — бул ыймандуулук!

Келгиле, коомду зынаадан, бузукулуктан, зулумдуктан сактайлы. Үй-бүлөнү бийик адеп-ахлак менен тарбиялайлы. Ар бир кызды — өз кызыбыздай, ар бир аялды — өз энебиздей, ар бир бийкечти — өз карындашыбыздай аярлап мамиле кылалы.

Эсиңерде болсун: аялзатына кол салган адамдын акырети караңгы! Алла Таала аялзатын урматтаганды урматтайт, зулумдук кылгандарды дүйнөдө да, акыретте да жазалайт. Биздин коомду сактап калуучу эң чоң курал — бул ыйман, адеп жана аялзатына болгон урмат. Эгер аялзатын урматтасак, коомубуздун уңгусу бекем болот. Эгер аялзатына зулум кылсак, анда коомубуз кыйроо жолуна түшөт. Алла Таала бизди аялзатын урматтап, коомубузду адеп-ахлак менен коргогондордон кылсын!",-деп берилет кайрылууда.

Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жашар кыздын жансыз денеси табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы жаран кармалып, ИИМ окуя тууралуу маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар