20:25
USD 87.45
EUR 102.76
RUB 1.07

УКМК аскердик кызматка алуудагы коррупциялык схеманын бетин ачты

Коргоо министрлигинде жарандарды контракттык аскер кызматына алууда коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат борбору билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы . Аскердик кызматка алуудагы коррупциялык схеманын бети ачылды
Маалыматка ылайык, Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин командири Б.М. жана Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер бөлүгүнүн аскер кызматчысы М.А. менен алдын ала сүйлөшүп алып, анык аскердик кызматка чакыруу үчүн жарандардан 70 миңден 90 миң сомго чейин акча алып жүргөн.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин (Пара алуу) 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Адамдардын тобу тарабынан) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен Б.М. 2 айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Атайын кызмат учурда аталган коррупциялык схеманын башка катышуучулары аныкталып, аларга карата тиешелүү издөө жана тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар