Бүгүн, 2-октябрда саат 6:43тө Ысык-Көл облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу 20 чакырым тереңдикте жайгашкан. Жер титирөөнүн очогу Жетим-Бел кырка тоосунда, Кажы-Сай айылынан 52 чакырым түштүк-чыгышты карай, Каракол шаарынан 115 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.
Сейсмологдордун айтымында, жер титирөө Кыргызстандын калктуу аймактарында сезилген эмес.