13:55
USD 87.45
EUR 102.76
RUB 1.07

Кыргызстандык «Курак» тасмасы Пусан кинофестивалында эки сыйлыкка ээ болду

Кыргызстандык «Курак» тасмасы Пусан кинофестивалында эки сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, фестивалдын 30 жылдык мааракесинде кыргыз кинематографисттеринин активдүү катышуусу улуттук кино үчүн олуттуу жетишкендик болду. Эң чоң ийгиликти режиссёрлор Эрке Жумакматова менен Эмил Атагелдиевдин «Курак» тасмасы багынтты. Тасма бир эле учурда эки сыйлыкка — «Бангладеш — Июль мемориалдык сыйлыгы» жана белгилүү режиссёр Ким Жисеок атындагы сыйлыкка ээ болду.

Фестивалдын башка программаларында да кыргыз авторлору өз долбоорлорун сунушташты: Самара Сагынбаева «Кооп коңгуроосу» тасмасы менен «Кең бурч» программасына катышса, Томирис Орозоева «Убакыт чөлүндө» долбоору менен Пусан Азия кино мектебине кабыл алынды. Ал эми Дастан Жапар Рыскелди Азия долбоорлор базарында «Бөбөктөй илешкек» аттуу долбоорун тааныштырды.

Мындан тышкары, быйыл Бишкек эл аралык кинофестивалы Пусан фестивалынын «Asian Vision» сынагынын расмий өнөктөшү болуп чыкты. Ушул кызматташтыктын алкагында кыргыз тарап индонезиялык режиссёр Реза Рахадиандын «Кучагында отуруу» фильмин атайын сыйлык менен сыйлады.

Эске салсак, Пусан фестивалы — Азия жана дүйнөлүк кинонун башкы өндүрүштүк жана чыгармачыл борборлорунун бири. Кыргызстандын катышуусу улуттук кино өнөрүнүн жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө, эл аралык таанымдуулугу менен жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына өбөлгө берди.

Эң көп окулган жаңылыктар