Улуттук онкология жана гематология борбору рентген аппараттарын сатып алууга тендер жарыялаганын мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.
Бул үчүн тендерге ылайык 77,2 миллион сом бөлүү пландалууда.
Лоттор төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жалпы багыттагы флюорография жана рентгенография үчүн санариптик система (40 млн сом);
- мобилдик санариптик рентген аппараты (10,4 млн. сом);
- санариптик U-колдук рентген аппараты (12,3 млн. сом);
- санариптик С-колдук рентген аппараты (14,5 млн. сом).
Тендер 17-октябрга чейин кабыл алынат.