20:54
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.07

Кыргызстанда алты жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди

Кара-Суу жана Түп райондорунун прокуратуралары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө ата-энесинин камкордугусуз калган алты балага белгиленген тартипте турак жай берилбей жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында балдарга турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп, тиешелүү укук актылары алынган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Эң көп окулган жаңылыктар