Алай районунда РИИБдин башчысынын орун басарына пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-сентябрда Алай РИИБдин өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча шектүү катары өтүп жаткан жарандын бир тууган агасы, ишти оң жагынан чечип берүү үчүн ага пара катары акча каражаттарын сунуштаганы маалым болгон.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн ыкчам өкүлдөрүнүн, жергиликтүү прокуратуранын катышуусу менен жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жыйынтыгында, Алай районунун тургуну 1993-жылы туулган И.уулу Ж. Алай РИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басарына пара катары 70.000 сом акча каражаттарын берүү учурунда кармалган.
Далил буюм катары жалпы суммасы 70.000 сом акча каражаттарына кечиктирилгис жагдайда алуу жүргүзүлдү.
Кармалган жаран Алай райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.