17-19-октябрь аралыгында Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев аянтында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата «АгроТехЭкспо — 2025» улуттук агроөнөр жай көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Көргөзмөдө заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктү коргоочу каражаттар жана асыл тукум мал жаныбарлары көрсөтүлүп, жарманкеде органикалык таза айыл чарба азык-түлүктөрүнүн бардык түрлөрү арзан сатылат.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө ири өлчөмдө арзандатуулар болот жана өзүңөр каалаган техниканы, жабдууларды жана айыл чарба товарларын сатып алууда жеңилдетилген лизинг кызматын жана насыяларды пайдалана аласыздар.Министрлик өлкөнүн бардык дыйкандарын жана фермерлерин борбор калаадагы эң ири көргөзмө-жарманкеге катышууга чакырат.