14:21
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.07

Жалал-Абаддагы спорт комплексинин курулушуна 60 млн сомдон ашык каражат бөлүндү

Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Үч-Терек айылына спорт комплексин курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Порталдын маалыматына ылайык, бул максатта 61 430 800 сом каралууда.

Тендердик арыздар 17-октябрга чейин кабыл алынат.

Иш өз убагында каржыланган шартта 2026-жылдын 1-августуна чейин бүткөрүлүшү керек.

Эң көп окулган жаңылыктар