00:33
USD 87.44
EUR 102.65
RUB 1.07

Жаңы алдамчылык схемада Улуттук банктын жетекчиси кол койгон документтер болууда

Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертти. Бул иш үчүн алар Кыргызстандын Улуттук банкынын жетекчисинин жасалма колу коюлган документтерди көрсөтүп жатышат.

Алдамчылар Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди тиркеп, билдирүүлөрдү (же каттарды) таратышууда. Ушундай жол менен алар ишенимге кирип, жарандарды акча которууга көндүрүүгө аракет кылышат.

Белгиленгендей, Улуттук банк мессенджер аркылуу документтерди жөнөтпөйт, жеке адамдарды түз тейлебейт жана акча которууларды эч качан талап кылбайт.

Финансылык жөнгө салуучу орган мындай билдирүүлөргө ишенбөөнү жана эч убакта бейтааныш адамдарга акча которбооону эскертет. Эгерде күмөн жаралса маалыматты расмий булактардан текшерүүнү сунуштайт.

  • Эгерде сиз алдамчылык схемасына кабылып калсаңыз, банктык картаңызды дароо бөгөттөп, тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз.

Тактоо үчүн жарандар Улуттук банктын коомдук кабылдамасына (312) 61-04-86 телефону аркылуу кайрылса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар