23:03
USD 87.45
EUR 101.31
RUB 1.07

Эверестте миңге жакын турист кар бороонунан улам чыга албай калды

Миңге жакын турист жана жергиликтүү тургундар Тибеттеги Эвересттин чыгыш капталында катуу бороондон улам тыгылып калганын Reuters агенттиги билдирди.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды
Кар 3-октябрдын кечинде башталып, ишемби күнү да уланды. Тингри округундагы жергиликтүү туристтик компаниянын расмий WeChat эсептериндеги билдирүүлөргө ылайык, билеттерди сатуу жана Эверест жаратылыш паркына кирүү токтотулду.

Куткаруу иштери 4,9 километрден (18 500 фут) жогору бийиктикте жүрүп жатат. Ал жерде кар лагерлерге баруучу жолдорду толугу менен жаап салган. Бийлик ал жерге жүздөгөн куткаруучуларды жана жергиликтүү тургундарды тартты. Буга чейин тоодон айрым туристтер эвакуацияланган.

Ал арада коңшу Непалда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү жүрүп, кеминде 47 киши каза болуп, жолдор менен көпүрөлөр талкаланды.

Эң көп окулган жаңылыктар