01:58
USD 87.45
EUR 102.02
RUB 1.06

Садыр Жапаров Кыргызстандын ТМУда төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 12-саммитинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент өз сөзүндө бир жыл мурда Кыргызстан ТМУда төрагалык кылуунун ардактуу миссиясын өзүнө алганын эске салды.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

«Бул биз үчүн маанилүү жана жоопкерчиликтүү мезгил болду. Бир жыл ичинде биримдигибизди чыңдоого, кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жалпы максаттарды алга жылдырууга олуттуу салым кошууга умтулдук. Жалпысынан, биздин төрагалык жылында 124төн ашык жогорку деңгээлдеги иш-чаралар ийгиликтүү өткөрүлдү», — деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров Кыргызстан экономикалык интеграция чөйрөсүндө кыргыз тарап экономика, соода, инвестиция жана каржы тармактарында кызматташуу боюнча Жол картасынын долбоорун даярдаганын белгиледи.

Ал кыргыз тараптын электрондук санарип кол тамгаларды өз ара таануу жөнүндө макулдашууга жетишүү демилгесин баса көрсөттү, бул санариптик документтерди укуктук жактан таанууну камсыз кылат.

Президент ушул жылдын 18-сентябрында Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун мүчө-мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын биринчи жолугушуусу өткөнүн өзүнчө белгиледи. Бул кыргыз төрагалыгынын маанилүү жыйынтыгы жана Уюмдун өнүгүшүндөгү тарыхый кадам болуп саналат.

Маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо контекстинде Садыр Жапаров 2026-жылы Кыргыз Республикасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн билдирди.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы алдыдагы төрагалыгынын алкагында Оюндардын ачылыш аземин ШКУнун саммити менен бир убакта өткөрүү пландаштырылууда.

Буга байланыштуу президент делегация башчыларын аталган иш-чараларга ардактуу конок катары катышууга чакырды.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстандын төрагалык кылуу мезгилинде көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө болгон бардык мамлекеттерге ыраазычылык билдирди.

«Габала саммитинин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасы төрагалык кылууну расмий түрдө аяктап, төрагалыкты боордош Азербайжанда өткөрүп берип жатабыз.

Азербайжандын төрагалыгынын алдында Уюм прогрессивдүү өнүгүүсүн улантып, эл аралык аренада аброюн бекемдеп, бардык түрк элдеринин бакубатчылыгы үчүн жаңы олуттуу демилгелерди ишке ашыраарына терең ишенем», — деди мамлекет башчысы.

Жыйынтыгында президент Садыр Жапаров ТМУ өлкөлөрүнүн миссиясын үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында өтө турган парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар