Азербайжандын Гянджа шаарында III КМШ оюндарынын алкагында 17 жашка чейинки балбандар арасында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтүп, жалпы төрт медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Маалым болгондой, Кыргызстандын намысын беш балбан коргоду.
— 55 килограмм салмактагы Рамазан Гасанов экинчи орунду камсыздап, күмүш медаль тагынды.
— Ал эми Элимбек Абдыкеримов, Бекназар Эмилбеков жана Иличбек Абдуллаев коло медалга ээ болду.
Эске салсак, КМШнын III оюндары Азербайжандын жети шаарында өтүп, бүгүн жыйынтыкталууда. Программада спорттун 21 түрү боюнча мелдештер камтылган, анда 505 медаль ойнотулат.
Кыргызстандын атынан 126 спортчу катышууда. Учурда биздин команда жалпы эсепте алтынчы орунда турат.