Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбековду коргоп чыкты. Ал Биринчи радионун суроолоруна жооп берип жатып, Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында айрым депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүнө комментарий берди.
«Казыбек Эргешов үч чакырылышта кызмат кылды. Шаар үчүн эмне кылды? Албетте, жөн эле айтып, сындап коюу оңой. Мен айтар элем, Мирлан Таалайбековдун жетекчилигинде муниципалдык инспекция үч айда бир топ иштерди бүтүрдү. Орто-Сай, Аламүдүн базарларында кандай башаламандык болгонун билесиздер», — деди.
Кечээ Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов шаардык кеңештин сессиясында Мирлан Таалайбековдун муниципалдык инспекциянын башчылыгына дайындалышынын мыйзамдуулугун кароону сунуштаган. Ал аткаминердин ишмердүүлүгүн сынга алып, жетекчинин милдетин аткаруучу болуп кадрдык резервден эмес адамдын дайындалышы мыйзамдуубу деп тактады.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын июль айында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов терезени мыйзамсыз караңгылаткандыгы үчүн 20 миң сом айып салынган. Аны ошол кездеги Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Мирлан Таалайбеков токтоткон.