13:08
USD 87.45
EUR 102.02
RUB 1.06

Бишкек мэри таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун качан ачылаарын айтты

Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун ачылыш күнү белгилүү болду. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Биринчи радиого билдирди.

Анын айтымында, завод үстүбүздөгү жылдын 28-декабрында ачылат.

Заводдун долбоорунда суткасына эң аз дегенде 800 тонна таштандыны кайра иштетүү, анын потенциалын 1500 тоннага жеткирүү каралган. Ал ошондой эле болжол менен 460 мегаватт электр энергиясын өндүрөт жана станция жаңы инфраструктураны жана электр линияларын камтыйт.

Аталган жайда буга чейин административдик имарат курулуп, кирүүчү жолдор төшөлүп, саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды жана өндүрүштүк жайларды монтаждоо иштери жүрүп жатат.

Мэрдин айтымында, эң негизги максат — таштандыларды жөн эле өрттөп жиберүү эмес, экологиялык жактан коопсуз таштандыларды чыгаруу.

«Бизде аягында бир грамм да зыяндуу заттар болбошу керек», — калаа башчысы

Айбек Жунушалиев белгилегендей, Бишкекте таштандыларды бөлүп чыгаруу маданияты жок болсо да, шаар тургундарын таштандыларды сорттоого үйрөтүү жана келечекте экологиялык жоопкерчиликти өнүктүрүү зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар