30-ноябрда Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси ачылат.Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мурда 49 шайлоо тилкеси иштеп келсе, быйыл кошумча 51 шайлоо тилкесин ачуу чечимине келди.
«Мисалы, Орусияда 40 шайлоо тилкеси болот, анын жетөө Москвада болот. Түркияда сегиз, АКШда алты, Түштүк Кореяда төрт, Италияда үчтөн, Германия менен Кытайда экиден шайлоо тилкелери болот», — деп түшүндүрдү Тынчтык Шайназаров.
Мисирде, Түркмөнстанда, Азербайжанда жана башка өлкөлөрдө бирден шайлоо тилкеси ачылат.
«Биз чет өлкөдөгү мекендештерибизге өздөрүнүн округдук шайлоолорунда добуш берүүсү үчүн мүмкүн болушунча жакшы шарттарды түзүүнү каалайбыз», — деди Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы.
Ал кошумчалагандай, бардык жарандар 19-ноябрга чейин шайлоочулардын тизмесинен аты-жөнүн такташы керек.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Алар мажоритардык система боюнча өткөрүлөт: 90 депутат 30 көп мандаттуу округдан, ар биринен үчтөн шайланат. Орундардын бири аялдарга берилет. Талапкерлерди саясий партиялар же өзүн-өзү көрсөтүшү мүмкүн.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын 1-октябрына карата өлкөдө 4 миллион 287 миң шайлоочу катталган. Шайлоочулардын алдын ала тизмелери www.tizme.gov.kg порталында 8-октябрда жарыяланып, 14-октябрда шайлоо участкаларында жайгаштырылат. Өзүңүздүн аты-жөнүңүздү онлайн, 1255 номуруна чалып, 119 номуруна SMS жөнөтүү же шайлоо участогунан тактасаңыз болот.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталып, добуш берүүгө бир күн калганда, 29-ноябрда саат 8:00дө аяктайт, сырттан добуш берүүгө арыздар 28-ноябрга чейин кабыл алынат.
Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгарылып, расмий жарыяланат.