16:24
USD 87.45
EUR 102.02
RUB 1.06

Кыргызстанда микрокредит: Ар бир жетинчи тургун насыя алган

2024-жылы өлкөнүн микрокредиттик уюмдары калкка жалпы суммасы 65,2 миллиард сомдук кредиттерди беришти. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 28 пайызга көп.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча микрокредит алуучулардын саны 1,1 миллион адамга жетти. Бул болжол менен өлкөнүн ар бир жетинчи тургуну дегендик.

Микрокредиттин орточо көлөмү 58 миң 500 сомду түздү. Эң көп суммалар Чүй облусунда, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында берилген.

Ошол эле учурда кредиттөө түзүмү өзгөрүүдө: 2020-жылы микрокредиттердин үчтөн бир бөлүгү айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшалса, 2024-жылы анын жарымынан көбү (53,7 пайыз) керектөө муктаждыктарына жумшалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
8-октябрь, шаршемби