Сауд Аравиянын «Аль-Наср» клубунда ойногон португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду тарыхта биринчи жолу футболдук миллиардер болуп калды. Bloomberg маалыматына ылайык, анын байлыгы 1,4 миллиард долларга бааланган.
Маалыматка ылайык, бул португалиялык футболчунун 2025-жылы жайында кол коюлган «Аль-Наср» менен 400 миллион долларлык жаңы келишиминин аркасында мүмкүн болду. Ошондой эле келишимди узартуунун алкагында 40 жаштагы футболчу клубдун 15 пайыз акциясын алганы айтылды.
Белгиленгендей, футболчу карьерасында 550 миллион доллардан ашык маяна жана 175 миллион доллардан ашык индоссаменттик келишимдерден киреше тапкан. Андан тышкары, Криштиану Роналду өзүнүн CR7 бизнесин жигердүү өнүктүрүүдө. Анын ичине мейманканалар, фитнес клубдар жана кийим тармактары кирет.
Эске салсак, Криштиану Роналду беш жолку «Алтын топтун» ээси, Европа чемпиону, Чемпиондор Лигасынын беш жолку жеңүүчүсү, Англия, Испания жана Италиянын чемпиону. Футболчу Португалиянын бир нече мамлекеттик сыйлыктары, анын ичинде Инфанте Дом Анрике ордени менен сыйланган.