20:43
USD 87.45
EUR 101.55
RUB 1.07

Дмитрий Песков : «Владимир Путин менен Илхам Алиев жолугушууга макулдашты»

Владимир Путин менен Илхам Алиев жолугушууга макул болушту. Бул тууралуу журналисттерге орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды

Анын айтымында, Дүйшөмбү шаарында «Путин-Алиев» жолугушуусунда эки тараптуу мамилелер негизги күн тартибиндеги маселе болот.

Дмитрий Песков белгилегендей, Кремль жолугушууга оптимисттик көз карашта, президенттер көйгөйлүү маселелерди талкуулайт.

Эскерте кетсек, бүгүн, 9-октябрда Тажикстандын борборунда экинчи Орусия-Борбор Азия саммити өтөт.

Владимир Путин мамлекеттик сапар менен Дүйшөмбүгө келип, тажик лидери Эмомали Рахмон жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен да жолугушат.

10-октябрда КМШнын саммити да өтүп, Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери терроризмге каршы күрөшүү жана аскердик кызматташуу боюнча документтерге кол коюшуп, жаңы «КМШ+» форматын түзүү маселесин талкуулашат.

Эске салсак, Москва менен Бакунун ортосундагы тирешүү Актауга жакын жерде Азербайжан аба жолдорунун учагы кулагандан кийин башталган. Июнь айынын аягында Екатеринбургда бир нече ондогон азербайжандык жарандар зомбулук менен кармалып, натыйжада алардын экөө каза болгон. Бул чыр-чатактын күчөшүнө алып келди. Буга жооп кылып Азербайжан орусиялык журналисттерди, IT адистерин жана туристтерди камакка алып, Sputnik Азербайжан маалымат агенттигин жапкан.

Эң көп окулган жаңылыктар