
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагыбаракчасына 3-октябрга караган түнү болгон резонанстуу эки киши өлтүрүү фактысын иликтөөгө арналган билдирүүсүн жарыялады.
Мамлекет башчысы Бишкектеги Ак-Ордо конушунда орун алган эки кишини өлтүрүүгө шектүү адамды ыкчам аныктоого жана кармоого «Коопсуз өлкө» системасынын алкагында орнотулган камералар чоң көмөк көрсөткөнүн эске салды. Бул окуя заманбап технологиялар коопсуздукту камсыздоодо натыйжалуу экенин дагы бир жолу тастыктаганын белгиледи.
«Эл агын суудай деген чын. Кайда бурсаң, ошол жакка кете берерине кечээ дагы бир жолу ынандым.
Кечээки эки бир тууганды өлтүргөн баланын түн ичинде видео байкоого түшүп калган сүрөтүн чыгарып койсо, «бул бала бир топ жашка келип калган бала экен, экөө эки башка бала, карапайым байкуш баланы мойнуна алдыртып жатат» деген сыяктуу кандай гана сөздөрдү соцтүйүндөрдөн жазып чыгышты. Баары эле эксперт болуп кетишти.
Бул окуя 3-октябрь түнү болуптур. Жарым сааттын ичинде министр өзү баш болуп опер группа менен жетип барган. Дароо «Коопсуз шаардын» жардамы менен кылмышкерди аныктаган.
Бирок бул бала ким экенин дароо тааныбай, элге кайрылуу кылышкан, «Ким тааныса кабарлап коюңуздар, сый акы болот» деп. Эртеби-кечпи ким экени баары бир табылат эле.
Себеби Бишкек шаарына көзөмөл камералар орнотулган. Азыр жаңы конуштарга, жакында эле шаарга кошулган айылдарга чейин көзөмөл камераларды орнотуулар жүрүп жатат.
Бишкек шаарында кылмыш кылып, анан кармалбай калам деп ойлобосун, кылмышкерлер!
«Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында Баткенден баштап Талас, Нарын шаарларына, базар, соода түйүндөрү, жолдорго чейин видеокамералар орнотулуп жатат.
Бара-бара өлкө боюнча онлайн режимде карап олтурууга мүмкүн болот. Кечээ жакында Айсулууну мыкаачылык менен өлтүргөн зөөкүрдү да «Коопсуз өлкөнүн» камералары аркылуу кармадык.
Бишкекте «Коопсуз шаардын» жардамы менен кылмышкерлерди 15-20 мүнөттө кармап алган учурлар бар. Булардын баарын майдалап айтып олтурбайын, менин айтайын дегеним төмөнкүчө.
Ооба, милиция кызматкерлерине ишеним начар. Себеби илгертен бери ишеничтен кеткен учурлары болгон. Эптеп кылмыштын бетин ачыш үчүн күнөөсүз эле бирөөлөрдү кармап келип, мойнуна алдырып, «ишти ачтык» деп койгон учурлар кездешчү. Азыр андай эмес.
Милиция жакшы иштеп жатат. Болгону, мурдатан калган ишенбөөчүлүк бар, элде.
Милицияларга бардык шарттарды түзүп бердик. Техникалык каражаттары жетиштүү. Керек болсо милициялардын өздөрүн кайда, кантип иштеп жүрүшкөнүн башкы штабда онлайн көзөмөлдөп турушат. Кээ бир жарандарыбыз: «ИИМ элге тез-тез маалымат берип турса болмок, минтип ызылдабайт элек», — деп чыгышты.
ИИМ мындай учурда тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн тез-тез маалымат бербейт. Качан гана толук изилдеп бүткөндөн кийин бериши мүмкүн. Ошондуктан мындай чуулгандуу иштерде баарыбыз эксперт болуп кетпей, сабырдуулук менен күтүшүбүз керек.
Мындан тышкары, медиа сабаттуулукту сакташ ар бирибизге тиешелүү",-деп жазды мамлекет башчысы.