Эртең, 10-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21;
Таласта түнкүсүн −1...+4, күндүз 15...20;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19;
Нарында түнкүсүн −3...+2, күндүз 14...19 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 5...7°, күндүз 18...20° болот.