Өткөн жылы Кыргызстанда 31 миң 700 өлүм катталган. Бул төрт жыл мурункуга салыштырмалуу 20,7 пайызга азайган. Бул маалыматтар Улуттук статистикалык комитетте камтылган.
Жүрөк оорулары өлүмдүн негизги себептери бойдон калууда,. Алар 16 600 өлүмдү түзөт (бардык өлүмдөрдүн 52,5 пайызы). Өлкөнүн эмгекке жарамдуу калкынын өлүмүнүн 35 пайыздан ашыгын жүрөк-кан тамыр оорулары түзөт. Андан кийин рак илдети, өлүмдөрдүн 13,7 пайызын түзөт.
Өлгөндөрдүн 6,5 пайызын табигый эмес себептерден (жаракаттар жана уулануулар), 6,2 пайызын дем алуу органдарынын оорулары, 5,1 пайызын ичеги-карын оорулары түзөт.
Өлкөдө ымыркайлардын өлүмү азайып, бирок жогору бойдон калууда. 2024-жылы бир жашка чейинки 1800 бала ар кандай оорулардан, уулануудан жана жаракаттардан каза болгон.