00:24
USD 87.45
EUR 101.31
RUB 1.07

Трамп, Эрдоган, Макрон. Египетте Газадагы согушту токтотуу боюнча саммит өтөт

Бүгүн, 13-октябрда Египетте Газа тилкесиндеги согушту токтотуу жана согуштан кийинки жөнгө салууга арналган эл аралык саммит өтөт.

Жыйын Шарм-эш-Шейх курорттук шаарында өтөт жана ага БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш, Британиянын премьер-министри Кейр Стармер, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган баш болгон 20дан ашуун өлкөнүн лидерлери катышат.

Саммитти Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси жана АКШнын президенти Дональд Трамп биргелешип өткөрүшөт. Уюштуруучулар Израил менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуунун биринчи этабы боюнча буга чейинки сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашууларды ырастоого үмүттөнүшөт.

Документте ок атышууну акырындык менен токтотуу, барымтага алуу, Газанын айрым аймактарынан израилдик аскерлерди чыгаруу жана гуманитардык реконструкцияларды баштоо талап кылынат.

Бирок анклавдын келечектеги саясий башкаруусу талаштуу бойдон калууда . Тараптар коопсуздукту жана жардамды бөлүштүрүүнү ким көзөмөлгө ала турганы боюнча бир пикирге келе элек.

ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөсү Хуссам Бадран уюм тынчтык келишимине расмий кол коюуга катышпай турганын жарыялап, кыймылдын ок атышпоо учурунда Катар жана Египеттин ортомчулары аркылуу аракет кылганын белгиледи.

АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Виткофф Израилдин ок атышпоо келишимин аткарганын текшерүү үчүн Газага барганын жарыялады. Делегациянын курамында АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы адмирал Брэд Купер жана Дональд Трамптын күйөө баласы, ишкер Жаред Кушнер да бар.

Эң көп окулган жаңылыктар