01:10
USD 87.45
EUR 101.31
RUB 1.07

Садыр Жапаров Швейцария элчиси Сироко Мессерлини кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сироко Мессерлини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы дипломаттын ишеним грамотасын кабыл алып, аны өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Садыр Жапаров эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн сактоо жана мындан ары да көбөйтүү үчүн биргелешкен аракеттердин зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Швейцариянын элчиси Сироко Мессерли жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуудагы маанилүү жетишкендиктерин канааттануу менен белгилеп өттү.

Муну менен катар Сироко Мессерли Швейцариянын өз ара кызыкчылык жараткан кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдарлыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы көп жактуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого даярдыктарын билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар