Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Азат Салмурбек уулу Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Азат Салмурбек уулуна чейин шаар башчысы Мирлан Жекшенов болчу. Ал быйыл 4-апрелде Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалып, жайында коррупцияга шектелип камакка алынган. Андан кийин Нурмат Рыскулбек уулу беш ай мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштеген.
Жаңы мэр Азат Салмурбек уулу 34 жашта. Ал буга чейин Токмак шаарынын биринчи вице-мэри болуп иштеген. Мындан тышкары Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.