Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Грузиянын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу спорттун ассоциациясы социалдык тармактарга жарыялады.
Ассоциациядан билдиришкендей, оюндар 18-20-октябрда Тбилисиде өтөт.
Учурда команда 2026-жылкы Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө.
Азия Кубогунун финалдык оюндары 27-январдан 7-февралга чейин Индонезияда өтөт.Турнирде он алты команда төрт тайпага бөлүнүп күч сынашат.