Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу май рыногунда Орусиядан келген товарлар убактылуу азайган. Бул тууралуу журналисттерге Монополияга каршы кызматтын жетекчиси Жеңалы Орозбаев билдирди.
Ал белгилегендей, республикага келген күйүүчү-майлоочу майлардын көлөмүнүн азайышы Орусиядагы айрым ири мунай иштетүүчү заводдордун убактылуу жабылышы менен байланыштуу болууда.
Анын айтымында, Россияда азыркы кырдаал бир топ татаал. Себеби ири мунай иштетүүчү заводдор убактылуу иштебей турат. Айрымдары оңдоп-түзөө иштерин пландап жатса, башкалары жүрүп жатат, натыйжада Кыргызстанга күйүүчү май азыраак келген.
Кыргызстан жыл сайын 1 миллион 200 миң тоннага чейин мунай продуктуларын бажы төлөмүсүз ташып келээрин айткан Жеңалы Орозбаев акыркы үч айдан бери күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүүдө тартыштык болуп жатканын кошумчалады. Бирок бул жеткирүү толугу менен токтоп калды дегенди билдирбейт.
Эскерте кетсек, буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөдөгү мунайзаттын запасы болжол менен бир айга жетет деп билдирген.