22-31-октябрь аралыгында Бахрейн Падышалыгыгын борбору Манама шаарында өтө турган III Азия жаштар оюндарына жөнөп жаткан Кыргыз курама командасын Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда узатуу аземи болуп өттү.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, салтанатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, команданын капитаны Улан Майрамбеков менен Доминика Чернецкаяга мамлекеттик тууну расмий түрдө тапшырды.
«Өлкөбүздүн мамлекеттик туусун силерге тапшырып, III Азия жаштар оюндарында сиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм. Азыр биз спортчуларга «алтын» алып кел дебей, жеңиш менен келгиле деп калганбыз. Жеңиштер болсун, жеңиштер менен менен кайтып келесиздер деген үмүттөбүз. Кыргызстаныбыздын желегин желбиретип, ийгиликтерди багынтып келүү үчүн атайын жолго чыгып жатасыздар. Мен сиздерди көрүп кубанып, сыймыктанып турам. Силердин араңарда келечектеги чемпиондор отурат. Эгер силер өзүңөрдүн машыктыруучуларыңарды угуп, машыгууну калтырбай, дисциплинаны сактасаңар ийгиликке жетишесиңер. Анткени, булардын бардыгы чоң эмгек. Бардык чемпиондор кайталап айткандай, спортчу үчүн эң негизгиси эмгек жана дисциплина маанилүү», — деди Байсалов.
Эске салсак, II Азия жаштар оюндары 2013-жылы Кытай Эл Республикасында өтүп, ага 14 спортчу спорттун 6 түрү менен катышкан. Быйылкы жылы 145 спортчу спорттун 15ке жакын түрү менен катышмакчы.