00:38
USD 87.45
EUR 101.72
RUB 1.10

Кыргызстандагы биринчи базальт буласын чыгаруучу заводунун курулушу башталды

Токмокто Кыргызстандагы биринчи базальт буласын чыгаруучу ишкана болгон «Базальт Эвотек» заводунун пайдубалын түптөө аземи болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымында, жыл башынан бери инвестициянын жалпы көлөмү 334,4 млн долларды түзгөн 77 өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, 6 миңден ашуун жаңы жумуш оруну түзүлдү. Базальт ишканасынын курулушу өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ жана Кыргызстанды индустриялаштыруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жаңы этабынын башаты болп саналат.

«Бүгүнкү күндө биз Кыргызстанда биринчи ири масштабдуу үзгүлтүксүз базальт буласын чыгаруучу заводдун курулушуна мезгил кутучасын салуудабыз. Долбоор экономиканы диверсификациялоо, инвестиция тартуу жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылууда», — деп белгиледи минкаб төрагасы.

Анын айтымында, жаңы ишканалар аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө чоң салым кошууда. Улуттук статистика комитеттин алдын ала маалыматы боюнча, 2025-жылдын январынан августуна чейин өлкөнүн ИДПсы 1 трлн сомдон ашты, экономиканын реалдуу өсүшү 11%ды түздү.

Өнөр жай өндүрүшү 11,5%га өстү, ишканалар 437,1 млрд сомдук продукция чыгарышты. Ишкананын курулушу үчүн инвестициянын көлөмү 42 миллион долларды түзүп, анын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миң тонна базальт буласын чыгарат. «Бул ишкананын курулуш тармагы үчүн мааниси чоң. Ата мекендик базальт буласын өндүрүү импортко болгон көз карандылыкты азайтып, базар баасын турукташтырат», — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Ал министрлер кабинети тарабынан 2024—2030-жылдарга «Базальт буласы жана материалдары» мамлекеттик программасы бекитилгенин, анын максаты жаңы өнөр жай секторун түзүү, импортко көз карандылыкты азайтуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү экенин эске салды.

Эң көп окулган жаңылыктар