22:09
USD 87.45
EUR 101.72
RUB 1.10

«Айыл Банк» асыл тукум мал чарбасы үчүн 3 пайыз жеңилдетилген насыя сунуштайт

«Айыл Банк» асыл тукум мал чарбасы менен алектенгендер үчүн жеңилдетилген кредиттик продукттун сунуштайт. Бул фермерлер, импорттоочулар жана жасалма уруктандыруучу техник-адистер үчүн чарбаны жаңылоого, таза тукумдуу малды же заманбап жабдууларды алууга мүмкүнчүлүк берет.

Кредиттин шарттары:

  • Суммасы:
    — Асыл тукум чарбалар жана импорттоочулар үчүн: 500 000 — 20 000 000 сомго чейин;
    — Техник-адистер үчүн: 500 000 — 2 000 000 сомго чейин;
  • Валюта: сом;
  • Ставка: жылына болгону 3 пайыз(НПЧ — 3,04 пайыздан баштап);
  • Мөөнөт: 60 айга чейин;
  • Жеңилдетилген мөөнөт:
    — Негизги карыз боюнча — 6 айга чейин;
    — Пайыздар боюнча — зарыл болсо 3 айга чейин;
  • Кепилдик:
    — 500 000 сомго чейинки сумма — күрөөсүз;
    — 500 000 сомдон жогору — күрөө менен банктагы ички талаптарга ылайык;
  • Төлөм: бизнесиңиздин киреше агымына ылайык.

Программа кимдерге ылайыктуу:

  • Тукумдук заводдор жана фермердик чарбалар;
  • Ири мүйүздүү мал менен иштеген жеке ишкерлер жана импорттоочулар;
  • Жасалма уруктандыруу пункттарын жабдуу үчүн техник-адистер.

Эмне сатып алууга болот:

  • Ички жана чет өлкөлүк селекциядагы таза тукум ири мүйүздүү мал;
  • Жасалма уруктандыруу үчүн керектүү жабдуулар.

Банк белгилегендей, бүгүнкү күндө сапаттуу асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу абдан маанилүү. Чарбаңыздын өнүгүүсү үчүн минималдуу тобокелдиктер менен максималдуу пайда.

Улуттук банктын лицензия № 048.

Эң көп окулган жаңылыктар