20:05
USD 87.45
EUR 101.72
RUB 1.10

Кыргызстанда байкоочу камералардын санын 20 миңге жеткирүү пландалууда

Президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөсү менен акыркы үч жылдан бери өлкө боюнча толук көзөмөлдү жана коопсуздукту камсыздоо максатында ири масштабдагы видеокамераларды орнотуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, видео камералардын саны 20 миңден ашыш керек. Ошондо гана өлкө боюнча толук коопсуздук камсыз кылынат.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

Азыркы убакта коопсуз шаар системасынын камералары:

  • Бишкек шаарынданда — 651,
  • Баткен облусунда — 248,
  • Ысык-Көл облусунда — 283,
  • Жалал-Абад облусунда — 205,
  • Нарын облусунда — 207,
  • Ош шаарында — 57,
  • Ош облусунда — 115,
  • Талас облусунда — 201,
  • Чүй облусунда — 177.

Орунбеков белгилегендей, учурда күн сайын камераларды орнотуу жумушу жүрүп жатат. Алар акыркы үлгүдөгү, адамдын жүзүнөн таануучу, 360 градустагы көрүү жана көп функционалдуу камералар.

"Борбор калаабыз Бишкек шаарында жетиштүү камералар орнотулган. Учурда башка аймактарда дагы коопсуз өлкө долбоорунун алкагында жумуштар уланып жатат. Акыркы жасалган оор кылмыштардын бетин ачуу операциясы дагы так ушул камералардын жардамы менен ишке ашты.

Кылмышкерлерге жана кылмыш жасоого ниеттенгендерге эскертүү:

Эч качан кармалбай калам деп ойлобогула. Кылмыш жасабагыла. Учурда жетиштүү техникалык мүмкүнчүлүктөр, иликтөөнүн жаңы ыкмалары бар. Кутулуп кетем деген кыска ойго азгырылбагыла!

Кыргызстан коопсуз өлкөгө айланыш керек",-деген ал.

Эң көп окулган жаңылыктар