05:27
USD 87.45
EUR 101.72
RUB 1.10

«Ильшат» фонду Бишкекте балдардын инфекциялык жаңы бөлүмүн куруп берди

Бишкекте Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынын жаңы балдар бөлүмүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул азем «Айчүрөк» соода борборунун колдоосу менен «Ильшат» коомдук фонду ишке ашырган масштабдуу кайрымдуулук долбоорунун жыйынтыгынан улам болуп өттү.

Жаңы балдар бөлүмүнүн ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, саламаттык сактоо министри Эркин Чейчебаев жана оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев катышты.

«Ильшат» фонду долбоордун баардык үбаскычын толугу менен каржылап берди — бул имараттын долбоору, аны куруудан тартып, бөлүмдү заманбап медициналык жабдуулар, эмерек жана керектүү инфратүзүм менен камсыздап берди.

Жаңы блоктун жалпы аянты 3 миң 647 чарчы метр, ал 100 орунга ылайыкташтырылган. Ооруканага мындан тышкары тез жардамдын эки унаасы белекке берилди, эми медициналык жардам берүү ыкчамыраак болот.

Баардык бөлмөлөр актуалдуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге ылайык долбоорлонуп, инфекциялык коопсуздук жана балдарга медициналык жардам берүү талаптарына толугу менен жооп берет. Жаңы корпуста дарылануу, калыбына келтирүү, кичинекей балдар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, өзүнчө бөлмөлөр, процедуралык бөлмөлөр, диагноз коюу аймактары жана башка бөлмөлөр курулган.

Ɵз өмүрүн аябай ишине берилген дарыгерлерге ыраазычылык билдирʏʏ максатында фондунун негиздөөчүсү меценат Анвар Маметов оорукананын улук кызматкерлерине үч жаңы унаа тапшырды, ал эми «Айчүрөк» соода борборунун колдоосу менен оорукананын калган кызматкерлерине акчалуу сертификаттар тапшырылды, белектин жалпы суммасы 6 миллион сомду түздү.

«Ильшат» коомдук фондунун демилгеси менен курулган заманбап балдар бөлүмү Кыргызстандын балдарынын ден соолугу үчүн кызмат кылмакчы.

Маалым кат

«Ильшат» коомдук фондун 2011-жылы бизнесмен жана меценат Анвар Маметов түптөгөн. Негизделген күнүнөн тартып, фонду балдарды, коомдук мекемелерди колдогон социалдык жана кайрымдуулук демилгелерди жигердүү ишке ашырып, жалпы өлкө боюнча гуманитардык долбоорлорду өнүктүрүп келет.

Эң көп окулган жаңылыктар