Бишкектин Лермонтов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде жолдо «толкундар» пайда болгон. Бул тууралуу 24-kg.com басылмасына окуяга күбө болгондор билдирди.
Алардын айтымында, ал жерде асфальт начар төшөлгөндүктөн жол тилкеси түзмө-түз «толкундар» болгон. Бул унаалардын секирип, силкилдешинеалып келүүдө.
«Жолдун баары тегиз эмес, деңизде жүргөндөй. Биз мэриянын колл-борборуна бир нече жолу кайрылдык бирок эч кандай өзгөрүү болгон жок», — дешет тургундар.
Алар суук түшкөнгө чейин шаардык кызматтардан маселени чечип, жолдун бетин оңдоону суранышууда.