02:03
USD 87.45
EUR 101.96
RUB 1.11

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы консулу Болотбек Борбиев кызматтан бошотулду

Президент Садыр Жапаров Болотбек Борбиевди Кыргызстандын АКШнын Чикаго шаарындагы башкы консулу кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды. Болотбек Борбиев

Болотбек Борбиев белгилүү ырчы Бек Борбиевдин бир тууган агасы. Ал 2022-жылдын апрель айында башкы консул болуп дайындалган. Алдын ала маалыматка караганда, ал 2025-жылы өтүүчү парламенттик шайлоого Токтогул шайлоо округунан катышууну караштырып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар