23:08
USD 87.45
EUR 101.96
RUB 1.11

COVID-19. Германияда коронавирустун учурлары кескин көбөйдү

Германияда коронавирустун учурлары кескин өстү. Бул тууралуу DW маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-октябрдан 12-октябрга чейин өлкөдө болжол менен 6,440 тастыкталган учур катталды.

Роберт Кох институтунун отчету боюнча, өткөн жумадагы көрсөткүчтөр болжол менен 3,850 болгон. Ошого карабастан, коронавируска чалдыккандардын саны өткөн жылдын ушул эле жумасына салыштырмалуу азыраак, анда дээрлик эки эсе көп учурлар катталган.

Оорулардын көбөйүшү вирустун жаңы мутациялары тууралуу кабарларга байланыштуу болууда. Бирок, медициналык адистер бул оорунун жалпы көрсөткүчүн пандемиянын чокусуна салыштырмалуу төмөн деп аташат.

Тобокелдик тобундагы немистер ревакцинациядан өтүүгө үндөшөт.

Көптөгөн мутациялары бар коронавирустун жаңы варианты төрт өлкөдө аныкталды: Улуу Британия, АКШ, Дания жана Израил.

Эң көп окулган жаңылыктар