13:50
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.09

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова коркутуулар болуп жатканын билдирди

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 16-октябрда белгисиз бирөөлөр тарабынан коркутуулар болгонун Фейсбук баракчасына жазды.

Ал Башкы прокурорго, УКМКнын, ИИМдин жетекчилерине, Акыйкатчыга кайрылуусун жарыялады. Укук коргоочунун айтымында, саат 21:35те ага белгисиз адам телефон чалып, өлтүрөм деп коркуткан.

Азиза Абдирасулова телефон чалган адамдын өздүгүн тактап, коркутуулардын себебин тактап, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранды.

Эске сала кетсек, укук коргоочу жакында Кыргызстанга кайтып келген. 2024-жылы декабрда президент Садыр Жапаров үчүнчү Элдик Курултайда сүйлөп, айрым маалымат каражаттарын жана Азиза Абдирасулова негиздеген «Кылым шамы» укук коргоо уюмун сындагандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Укук коргоочу мамлекет башчынын сөзүнөн кийин коркутуулар боло баштаганын билдирген эле.

Эң көп окулган жаңылыктар