Кыргызстандан чет элдик студенттердин азайышы байкалууда. Бул тууралуу «Акыйкатчы» институту, «Оазис» жана Фридрих Эберт фонду өткөргөн тегерек столдо айтылды.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Индиянын элчилигинен, эл аралык уюмдардын, жогорку окуу жайлардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана чет элдик студенттер катышып, Кыргызстандын аймагында билим алып жаткан чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугу жана алардын укуктарынын сакталышын камсыздоо маселелерин талкуулашты.
Студенттердин жана визалардын төмөндөшү
Тегерек столдо эл аралык студенттердин санынын азайгандыгын тастыктаган изилдөөнүн жыйынтыктары сунушталды. 2023-2024-окуу жылында алардын саны 31 пайызга кыскарган.
Эң көп агып кетүү Өзбекстандан (53 пайызга азайган) жана Индиядан (13 пайызга азайган) студенттер арасында байкалган.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы студенттик S визасы мурунку жылга салыштырмалуу төрт эсе аз берилген — болгону 11 645.
- Индиянын жарандарынан түшкөн арыздардын саны 80 пайызга азайып, 4,689 студент жактырылды.
- Пакистандын жарандары 75 пайызга аз арыз берип, 4200 виза алышкан.
- Бангладеш жарандарына берилген визалардын саны 58 пайызга азайып, 333кө жетти.
Акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жоробаев Кыргызстан эл аралык милдеттерге жана улуттук мыйзамдарга ылайык, этносуна жана улутуна карата дискриминацияга жол бербөө маселесине өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.
«Акыйкатчы институту Кыргызстандын аймагындагы адамдын укуктарынын сакталышына туруктуу мониторинг жүргүзүп турабыз. Ар бир адам улутуна жана жарандыгына карабастан өзүн коопсуз сезиши керек», — деди ал.
«Оазис» фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева чет өлкөлүк студенттер укуктары бузулган учурда укук коргоо органдарына көп кайрыла бербестигин билдирди.
«Биздин сурамжылоого катышкан чет өлкөлүк студенттердин болгону 22 пайызы гана укук коргоо органдарына кайрылган», — деди Мээрим Осмоналиева.
Сурамжылоонун жыйынтыгында белгиленгендей, чет өлкөлүк студенттер турак жайды ижарага алуу учурунда кыйынчылыктарга кабылып, талап-тоноочулукка жана коомдук транспорттогу дискриминацияга дуушар болуп жатышат. Ошондой эле маданий интеграция механизмдери жок.
Мындан тышкары, сурамжылоого катышкандардын 42%ы коркутууларга туш болгонун, ал эми 14% студент сексуалдык зомбулук жана ыдыкка кабылганын айтышкан.
Акыйкатчы институтунан кошумчалашкандай, тиешелүү мамлекеттик органдарга чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугун жана укуктарын коргоону камсыздоо боюнча сунуштарын жөнөтүлдү.