18:51
USD 87.45
EUR 102.01
RUB 1.08

Кыргызстанда бир жумада 24 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

ЖКККББ
Фото ЖКККББ . Бир жумада 24 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Кыргызстанда 13-19-октябрга чейин 24 566 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, ар кандай эреже бузуулар үчүн 2753 унаа айып жайга киргизилген.

Алдын ала маалымат боюнча, төмөнкүдөй мыйзам бузуулар катталган:

  • Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 1642;
  • Мас абалында унаа башкаруу — 284;
  • Унаалардын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 232;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар — 220;
  • Транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуулар — 3438;
  • Айдоочулук ээн баштык — 35;
  • Ылдамдык нормадан ашкандар — 4090;
  • Жалган мамлекеттик номур менен айдоо — 14;
  • Башка жол эрежесин бузуулар — 11939.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат

Эң көп окулган жаңылыктар