Бишкек шаарынын Огонбаев көчөсү, 12 дарегинде жайгашкан 16 кабаттуу «Мадина Резиденс» турак-жай комплексин курууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоордук-сметалык документтерди даярдоодо курулуш компаниясынын атынан иштеген долбоорлоо уюму жалган маалымат берип, кийин курулуш пландарын бекитүүгө негиз болгон.

Белгиленгендей, курулуп жаткан үйдөн 5 метр аралыкта дубалында терезелери бар имарат жайгашкан. Бул факты өрт коопсуздугунун эрежелерин одоно бузуу болуп саналат жана мындан ары ишке ашырылбашы керек.
Объектти ишке киргизүүдө белгиленген жагдайлар өрт коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн, ошондой эле үлүшчүлөрдүн турак жайга көчүп киришине жана зарыл болгон турак жай документтерин алууга тоскоол болуп, нааразычылыктарды жаратып, коомдук-саясий кырдаалга терс таасирин тийгизет.
Бул факты боюнча «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2025-жылдын 18-октябрында төмөндөгүлөр кармалган.
- С.Д.М. «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын координациялык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси;
- О.Д.Б. долбоорлоо уюмунун жетекчиси;
- Р.Ж.Т. курулуш компаниясынын жетекчиси;
Биринчи Май райондук сотунун чечими менен С.Д.М. жана О.Д.Б. камакка алынып, Р.Ж.Т.га карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Аталган имаратты курууга уруксат кагаздарын даярдоого жана берүүгө башка адамдардын катыштыгы боюнча иликтөө иштерин улантууда.
"УКМК курулуш нормаларын жана эрежелерин так сактоо зарылдыгын эскертет. Бардык аныкталган мыйзам бузууларга карата мыйзамдын чегинде эң катаал чаралар көрүлөт",-деп айтылат маалыматта.