03:10
USD 87.45
EUR 102.01
RUB 1.08

Кыргызстанда 2025-жылдын башынан бери өрттөн 34 адам каза болду

Кыргызстанда 2025-жылдын башынан бери өрттөн 34 адам каза болду. Бул тууралуу Биринчи радиого КР ӨКМнин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Муканов билдирди.

Анын айтымында, адам өлүмүнө алып келген өрт көбүнчө күз-кыш айларында катталат.

«2025-жылдын башынан бери 2700 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 38 пайызга көбөйгөн. Өрт коркунучу болгон мезгилде күнүнө 20-30 чалуу түшкөн. Өрттөрдүн көбү жеке турак жайларда болот. Өзгөчө жылуулук мезгилинин алдында калкка профилактикалык окууларды үзгүлтүксүз өткөрүп турабыз. Ошондой эле кызматкерлерге өрткө каршы иш-чараларын уюштурууга көмөктөшөт», — деп айтылат маалыматта. Асхат Муканов.

Ал өрттүн келип чыгуу себептерин: кыска туташуулар, туура эмес жасалган меш, балдардын ойноосу, тамеки тартуудагы этиятсыздык (өчүрүлбөгөн тамеки) деп атады.

Уктурууда республикада жылына 3 миңден 5 миңге чейин өрт катталары белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар