19:37
USD 87.45
EUR 101.62
RUB 1.08

ФИФА рейтингинде Кыргызстан бир тепкичке жогорулады

Кыргызстандын курама командасы дүйнөлүк рейтингде 105-орунга чыгып, бир тепкичке жогорулады. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын улуттук курамасы бир тепкичке жогору көтөрүлүп, учурда 1201 упай менен 105-орунда турат.

Уюмдун жаңыланган рейтингинде алдынкы топко Испания, Аргентина, Франция, Англиянын курама командалары кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар