18:55
USD 87.45
EUR 101.62
RUB 1.08

Акыйкатчы кызматынын көзөмөлүнөн кийин № 2 аялдар абагында жашоо шарттар жакшырды

Акыйкатчы институту Чүй облусунун Степное айылында жайгашкан № 2 түзөтүү абагындагы балдар үйүндө соттолгон аялдар менен балдардын камакта кармоо шарттарына жана укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө институттун кызматкерлери жашоо шарты менен таанышып, аялдар жана абактын жетекчилиги менен баарлашты. Текшерүү учурунда балдар үйүндө бир жарым жашка чейинки балдары бар үч соттолгон эне жашап жаткан.

КРнын Жаза-аткаруу кодексинин 100-беренесине ылайык, абактарда балдар энеси менен үч жашка чыкканга чейин бирге болууга укуктуу. Аялдар негизинен тамак-аштын сапатына, медициналык тейлөөнүн начардыгына жана жашоо үчүн эң жөнөкөй шарттардын жоктугуна нааразы болушту.

Алардын айтымында, берилген тамак-аш күнүмдүк нормаларга жооп бербейт, азык-түлүктөрдүн сапаты төмөн жана көп учурда колдонууга жараксыз болот. Мониторинг маалында Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери мөөнөтү өтүп кеткен сүттү жана ашканадагы картошкалардын чирип кеткенин көрүшкөн. Ошондой эле, институттун кызматкерлери барган учурда абакта канализация иштебей турган. Бала эмизген энелер сырттагы даараткананы колдонууга мажбур болуп жатышкан.

Мындан тышкары, жуунуучу бөлмөсүндө суу жылыткыч бузулуп калгандыктан, ысык суу да жок болгон.Аялдар жеке гигиенаны сактоого шарт жоктугуна, жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн кийим-кече жана жуугуч каражаттардын жетишсиздигине нааразы болушкан.

Алар бул каражаттар эки айда бир эле жолу берилерин, ошондуктан өз эсебинен сатып алууга мажбур экенин белгилешкен.

Энелердин айтымында, жылытуу системасы болсо да, кыш мезгилинде имараттын ичинде суук болот.«Терезелер сынык, айрымдары скотч менен чапталган, кээ биринде айнек такыр жок. Биз жылуу болуш үчүн электр приборлорун колдонобуз, бирок өрт чыгып кетеби деп кооптонобуз», — дешет аялдар.

Мониторингдин жыйынтыгында БУУнун Бангкок эрежелерине, Нельсон Мандела эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексине ылайык, аялдардын укуктары жана аларды кармоо шарттарынын бузулушу аныкталган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бардык мыйзам бузууларды жоюп, соттолгон аялдар менен алардын балдарынын укуктарын камсыз кылуу боюнча чара көрүү зарылдыгын белгилеп, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кат жөнөттү.

Жөнөтүлгөн сунуштамалардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында институттун кызматкерлери абакка кайра барып, № 2 мекеменин администрациясы тарабынан көрүлгөн чараларды текшеришти.

Натыйжада, балдар үйүндө жашоо-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлгөнү белгилүү болду: канализация оңдолгон, көлөмү 100 литрлик суу жылыткыч орнотулган, терезелер алмаштырылган, кир жуугуч машина жана жаңы муздаткыч сатып алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар